12.05.2023
Кароолор: 47
Адина чемпион!

К.Өмүралиев атындагы спорт комплексинде 9-май Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, тогуз коргоол чебери Токтоболот Базарбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык, рейтингдик таймаш 5-майдан 12-майга чейин өттү. Таймашка 3 өлкөндөн 176 спортчу катышышты. Жыйынтыгында Адина Асейева алтын, Анарбек Джамакеев күмүш, Сырттан Сыргак уулу коло медалдарын женип алышты.
Дүйнө Чемпионатынын күмүш байге ээлери Адина Асейева жана Айзада Бактыбековага "Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери" күбөлүктөрү ыйгарылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз