
Кулатуу кыргыз элинин күрѳш, жоокердик кармаш ѳнѳрү. Кулатуу башка чыгыш оюндары сыяктуу ѳздүк эрежелерге, ыкмаларга бай. Бул спорт аркылуу кыргыз жаштары ден соолугун, рухий дуйнѳсүн жана адамгерчилигин тазай алат. Кулатуу чыгыштын жекеме –жеке таймашууларынын контакттуу багытарына кирет. Жоболору да чыгыш күрѳштѳрүнүн негизинде үйрѳтүүнүн контакутуу багытарына кирет. Бул спорт түрүндѳ “уруп жыкпай, түрүп жык” деген боорукерлик принцип да каталган. Кулатуунун 4 версиясы бар 1.Түртүшүү 2.Таймаш 3.Мушташ 3.Эр таймаш.
Түртүшүү версиясы. Бул версияда гумандуулук алдыңкы орунга чыгып, атаадаштар бири-бирин түрүп жыгып, упай алышат. Уруп –согууга тыюу салынган.
Таймаш версиясында да уруп-согууга болбойт.Атаандаштар күрѳштүн ыкмаларын менен жыгууга, муунтуу, орутуу менен утууга тийиш.
Мушташ версиясы.Үсүнѳ кимано кийип, кур курчаган спортчу күрѳш, самбо жана дзюдонун ыкмалары боюнча мушташ ѳткѳрүлѳт.Бул кармашып мушташуу спортуна окшоп кетет.
Эр таймаш версиясы – панкратиондун бир түрү.Болгону эр таймашта атаандаш жерде жаткан кол менен гана чабууга болот. Панкратиондон айырмасы, булверсияда тизе, чыканак менен сокку узатууга тьюу салынат.
4 версияда тең мушкерлер жылаңач кол менен мушташат. Айрым учурда манжалардын учу ачылган мээлей кийилет.