
Күрөш - кыргыз элинин улуттук спорт оюну. Күрөш байыртадан эле кыргыз элинин сүйүктүү оюндарынын бири. Күрөш оюнуна жаштар да, чоң кишилер да катышкан. Көбүнчө эл чогулткан той-тамашада, ар кандай жыйында балбан күрөштүрүшкөн. Күрөштө жеңген балбандарга байге берилген. Кыргыз эли эзелтеден эле балбандарды даңазалап, алардын атын муундан муунга өткөрүшкөн. Мисалы, азыр Каба уулу Кожомкулду Кыргызстанда жашагандар гана эмес, бүткүл өлкөбүздүн эли билет. Анын атын сыймыктануу менен аташып, кыргыз элинин спортунун сыймыгы катары баалашат. Күрөш оюну көк майданда, мектептин спорт залында, таарынды төшөлүп, үстүнө килем салынган жумшак жерде ойнолот. Оюнга 7-17 жаштагы 20-25 эркек бала катышат. Оюнчулар жашына, салмагына, күчүнө жараша топтолот. Ар бир топтогулар өз-өзүнчө жаатка бөлүнүшөт. Калыс аларга кыргыздын коюн – колтук алышып күрөшүүсүнүн ыгын түшүндүрөт. Калыс эки жааттан бирден оюнчуну ортого чыгарып күрөштүрөт. Күрөшкө катышкан оюнчу өз атаандашын чалбастан, бутун тосо койбостон, "ит жыгылыш" болбостон, так көтөрүп чаап, далысын жерге тийгизүү керек. Күрөш 10-15 минутага созулат. Күрөштө жеңген оюнчуга 1 упай берилет. Оюндун акырында кайсы жааттын упайы көп болсо ошол жаат утат.