Жаңылыктар

14.08.2023

Кароолор: 48

Баимбет Азияны багындырды!

 

2023 - жылдын 4-12 август күндөрү Монголия Республикасынын Баян-Өлгий аймагында тогуз коргоол боюнча VI Азия чемпионаты болуп өттү. 
Азия чемпионаты U14, U19 жана чоңдор арасында Стандарт, рапид, блиц түрүнөн кыздар жана балдар арасында бөлөк өткөрүлдү.
Кыргызстандан жалпы 32 спортчу, анын ичинен Спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр  мектебинен 5 тарбиялануучу катышты.
Стандарт түрүнөн U19 Сейдахматов Баимбет биринчиликти багындырды! 
Сагыналиева Гүлайым коло байгеге, ал эми Кудайбердиев Марсель жана Асанкулова Эркежан блиц түрүнөн  коло медалдарын жеңип алышты!

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз