Жаңылыктар

24.04.2023

Кароолор: 80

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына арналган Эл аралык таймаш

Апрель айынын 18нен 22не чейин, Бишкек шаарын 145 жылдыгына карата, тогуз коргоол боюнча Эл аралык таймаш өттү. Таймаш ”Дасмия” комплексинин “Кыргыз Айылы” этно шаарчасында өттү. Каржылоо Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти камсыздады. Тогуздан он сегиз байге ыйгарылды. Кыз-келиндер арасында баш байге менен күмүш жана коло медалдарды биздин тарбиялануучулар багындырды: 

1-орун Адина Асейева

2-орун Айтурган Максатбек кызы

3-орун Азиза Жамансартова

Эректер арасында, дүйнөнүн чемпиондору гана байгелүү орундарды ээлешти, биздин эл аралык чеберлерибиздин арасына Сары-Өзөн аймагынын өкүлү күмүш медалына ээ болду. 

1-орун Кубанычбек Ибрагимов

2-орун Сырттан Сыргак уулу

3-орун Марлис Дуулатбеков

Кошумча байгелер Бишкек шаарынын коргоол оюндары федерациясы тарабынан ыйгарылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз