05.10.2023
Кароолор: 94
Эне тилин билбеген - эси жогун аныктайт! Эне тилин сүйбөгөн - элин сүйүп жарытпайт!

2023-жылдын 28- августунан 9- сентябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзгөн мыкты мекеме" жана "Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзгөн мыкты адис" шаардык кароо-сынактары болуп өттү.
Кароо-сынактын жыйынтыгында биздин спортмектеп биринчи орунду ээледи. Ал эми сыйлыктар жана грамоталар Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чарада ыйгарылды!
Бишкек шаарынын мериясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө спортмектептин атынан терең ыраазычылык!
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз