Жаңылыктар

16.10.2023

Кароолор: 49

Тогуз коргоол боюнча Эл аралык рейтингдик таймаш!

2023-жылдын октябрь айынын 06-12 чи күндөрү Жалал-Абад облусунда тогуз коргоол боюнча Эл аралык рейтингдик турнир болуп өттү! Турнирде Кыргызстандын эң мыкты оюнчулары күч сынашышты. Жыйынтыгында биздин спортмектептин тарбиялануучулары жеке эсепте да, жаат эсебинде да биринчиликти колдон тайдырышкан жок!

 

Эркектер арасында: 
1 - орун Сыргак уулу Сырттан
2 - орун Дуулатбеков Марлис 
3 - орун Ибрагимов Кубаныч

Кыз-келиндер арасында: 
1 - орун Бактыбекова Айзада
2 - орун Максатбек кызы Айтурган
3 - орун Тургуналиева Аяна

Жеңүүчүлөрүбүздү куттуктайбыз жана алдыдагы таймаштарда  мындан да чоң ийгиликтерди жаратат деп ишенебиз! 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз