28.11.2024
Кароолор: 61
Тогуз коргоол боюнча VII Дүйнө Чемпионаты!!!

2024-жылдын ноябрь айынын 9нан 16на чейин Түркия Республикасынын Анкара шаарында өткөн тогуз коргоол жана мангала оюну боюнча VII Дүйнө Чемпионатына 14 малекеттен (Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Турция, Украина, Латвия, Өзбекстан, Чехия, АКШ, Румыния, Грузия, Франция, Венгрия, Испания) 33 спортчу, анын 17 эркек, 16 кыз-келиндер катышышты.
СУСҮТ ОРАБӨМдүн тогуз коргоол боюнча курама жаатынан 10спортчу катышып, төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:
Стандарт түрү
- Сыргак уулу Сырттан III орун
- Дуулатбеков Марлис III орун
- Асейева Адина III орун
- Жамансартова Азиза III орун
Рапид түрү
- Джамакеев Анарбек III орун
- Абдрашитов Белек III орун
- Максатбек кызы Айтурган III орун
Келечекте дагы да көптөгөн ийгиликтерди жаратарына ишенебиз.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз