Жаңылыктар

11.04.2023

Кароолор: 49

ТОГУЗ КОРГООЛ

ТОГУЗ КОРГООЛ

22-26-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, тогуз коргоол боюнча спорт чебери К.Мамбеталиевдин жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча өспүрүмдөр арасындагы II Республикалык таймаш өттү. Таймашка жалпысынан 115 катышуучу алардын ичинен 63 кыздар, 52 балдар катышты. Алар Баткен жана Нарын областарынан башка бардык региондордон катышты. Биздин мектептен 9 тарбиялануучу катышып, 5 байгелүү орундарды ээледи. Алар Сейдахматов Баимбет 7 турдан 7 упай утуп, өзүнүн жаш курагынан Чемпион аталды. Ал эми Каныбеков Асман, Эрназаров Бекзат, Сагыналиев Эмир жана Эрназарова Тахмина күмүш байгеге ээ болушту. 

Ошондой эле калган катышуучуларыбыз кийинки таймаштарга жакшы тажрыйба алып келишти.

Спортмектептин тарбиялануучуларын алган байгелерин куттуктап, кийинки таймаштарда мындан дагы жогорку көрсөткүчтөрдү күтөбүз!

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз